Чүйдө мыйзамсыз сатылган 870 миллион сомдук бир гектар жер мамлекетке кайтарылды

Чүйдө мыйзамсыз сатылган дээрлик 870 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Башкы прокуратурадан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Арашан айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө Орто-Сай айылында жайгашкан 1 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын негизинде, наркы 869 миллион 742 миң сомду түзгөн жер тилке мамлекетке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан