Таласта милиция кызматкерлердин арасында самбо боюнча мелдеш өттү

Бүгүн 13-мартта Таласта кызмат учурунда каза болгон милициянын лейтенанты Бакыт Абасбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча турнир болуп өттү. Бул туурасында Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мелдеште 6 салмактык категория боюнча милиция кызматкерлери күч сынашты. Жеңүүчүлөргө медаль, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы командалык эсепте 1-орунду Айтматов районунун ички иштер бөлүмү жеңип алды. 2-орунду Талас РИИБи, 3-орунду Талас ШИИБи камсыз кылгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгиленгендей, спорттук иш-чарага Талас ОИИБинин башчысынын орун басары Азамат Садырбаев, маркум Бакыт Абасбековдун жакындары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан