Быйыл мамлекет тарабынан окуу китептерге 744 миллион сом каралды. Кайсы китептер басылып чыгарылат?

2025-жылы мамлекет тарабынан окуу китептерин чыгарууга 744 миллион сом каралды. Бул туурасында Билим берүү жана илим минисрлиги билдирди.
2025-2026-окуу жылында төмөнкү окуу-методикалык комплекстер басылат:
- “Англис тили” (3-9-класстар үчүн) – жалпы тиражы 2,34 миллион нуска, 350 миллион сомдон ашуун суммага;
- “Математика” (1, 2, 5, 8 – класстар үчүн) – жалпы тиражы 1,4 миллион нускага жакын, суммасы 200 миллион сомго жакын;
- “Табият таануу” (1, 2, 5, 8 – класстар үчүн) – жалпы тиражы 1,4 миллион нускага жакын, суммасы 200 миллион сомго жакын.
Маалымдалгандай, бүгүнкү күндө англис тили, математика жана табият таануу боюнча жаңы окуу китептери сатылып алынып, которулду жана колдонуу үчүн адаптацияланып жатат.
"2026-2027-окуу жылында математика, табият таануу, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу китептери, 2027-2028-окуу жылында математика, химия, биология, физика жана астрономия боюнча окуу китептери жарык көрөт. Окуу китептеринин саны муктаждыктарга толук жооп берерин жана тартыштык болбой тургандыгын баса белгилөө керек. Окуу китептери базарларда сатылбайт – алар бардык мектептер үчүн акысыз. Окуу китептеринин жарымы ижарасыз берилет, калгандарына символикалык төлөм каралган. Бардык китептер коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу максатында мамлекеттик “Учкун” басмаканасында басылып чыгат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жаңы окуу жылында Marshall Cavendish Education тарабынан иштелип чыккан «Take Off with English» окуу китебинин адаптацияланган версиясы жарык көрө тургандыгы айтылган.
"Жаратылыш таануу боюнча жаңы окуу китептери 1–9-класстар үчүн «Жаратылыш таануу» (Табигый илимдер) окуу-методикалык комплекстери жергиликтүү жана улуттук компоненттерди эске алуу менен адаптацияланып жатат. Учурда бул материалдарды кыргыз жана орус тилдерине которуу, адаптациялоо жана экспертизадан өткөрүү процесси жүрүп жатат. 1, 2, 5 жана 8-класстар үчүн окуу китептери 2025–2026-окуу жылында басылып чыгарылып, мектептерге жеткирилет", - деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан