Ырчы Мирлан Баековдун атасы каза болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, ырчы мырзанын атасы Баек уулу Бейшеналы 69 жашында оорудан улам кечээ каза болгон.
"Кайгымды тең бөлүшкөн агалар, достор, кесиптештер, баарыңыздарга рахмат. Торкен айылыбызда жума күнү жаназа окулуп, ошол жактан жерге бербиз", - деп билдирүү калтырган ал.