"Жетинчи ирет..." Александр Лукашенконун инаугурациясы качан өтөрү белгилүү болду

Беларустун президенти Александр Лукашенконун инаугурациясы 25-мартта өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.

Кабарлангандай, Минскте салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Ага депутаттар, Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун судьялары катышат. Лукашенко ант бергенден кийин БШКнын төрагасы президенттин күбөлүгүн тапшырат.

Аталган өлкөдө президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 26-январында өткөн. Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралдагы отурумунда Лукашенконун жеңишин тастыктады, ага шайлоочулардын 86,82 пайызы добуш бергенин билдирген. Бул добуш берүүгө катышкан өлкө жарандарынын жарымынан көбүн түзөт.

Лукашенко ушуну менен президенттик кызматка жетинчи жолу расмий киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан