Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын жер-жерлеринде, мекемелерде Нооруз майрамы белгиленип, иш-чаралар өтүп жатат. Ага утурлай SUPER.KG порталы Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүндөгү ата-апалардын майрамдык иш-чарасына күбө болуп кайтты.
Аталган карылар үйүнүн кызматкерлери майрамдык кече, дасторкон уюштуруп, андагы жашоочуларга жакшы маанай туртуулашты. Ошону менен катар атайын Нооруз майрамына карата сүмөлөк дагы бышырышкан. SUPER.KG порталы ата-апалар менен сүмөлөк аралаштырып, маектешип, кеп-кеңешин угуп, батасын алып кайтты.
Майрамдык чыгарылышты толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.