Бүгүн эртең менен Москвада өлтүрүлгөн жарандын сөөгү "Жүк 200" менен Кыргызстанга алынып келинди. Анын сөөгүн мекенине алып келүүдө каражат маселеси жаралган эмес. Маркум иштеп келген күркөнүн ээси, мекендештер жардамга келишкен. Бул туурасында “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов билдирди.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-январь күнү Москва шаарынын чыгыш тарабындагы гүл саткан күркөдөн эки жол бычак сайылган адамдын денеси табылган. Ал 20 жаштагы Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Маркумдун чөнтөгүндө 20 миң рубль болгон. Бирок ага тийишкен эмес.