Парламент төрагасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин жетекчилери да катышкан. Анда Борбор Азия чөлкөмүндөгү алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканы белгиленип, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу баарлашуу болгон.

Ошондой эле сүйлөшүүдө аймактагы беш өлкөнүн келечеги бири-бирине толук көз каранды экени айтылып, андыктан өнүгүүгө багытталган керектүү мыйзамдарды кабыл алууда депутаттардын тажрыйба алмашуусу зарыл экени белгиленген. Өз кезегинде Мирзиёев Өзбекстанда өткөн парламенттер аралык бирликтин жыйындарын колдоого алып, катышканы үчүн парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан