Каталондук "Барселона" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын биринчи оюнунда Германиянын "Боруссия Дортмунд" клубун ишенимдүү түрдө жеңди.
Бүгүн, 10-апрелге караган түнү "Олимпико" стадионунда өткөн оюн 4:0 эсебинде испаниялык клубдун пайдасына аяктады.
Беттештеги биринчи голду 25-мүнөттө Рафинья ачты. Тыныгуудан кийин, тагыраагы, беттештин экинчи бөлүгүнүн 48 жана 66-мүнөтүндө каталондук клубдун польшалык чабуулчусу Роберт Левандовский эки гол киргизди. Төртүнчү голду 77-мүнөттө жаш талант Ламин Ямаль жаратып, оюнга чекитти койду.
Бул эки команданын жооптук беттеши 15-апрелде Дортмунд шаарындагы "Сигнал Идуна Парк" стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.