Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында анык эмес маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырды.
Мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга 20 миң сомдон 65 миң сомго чейин айып пул салуу каралган.
Аталган мыйзам 8-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, колдоо тапкан.