"Жашоо сага мандарин тартуулаганда" (Когда жизнь преподносит тебе мандарины) дорамасы 2025-жылдын 7-мартында Нетфликс (Netflix) платформасында премьерасын өткөрүп, чоң популярдуулукка жетти. Дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрдү өзүнө тартты. Алгачкы сериялары чыкканда эле Түшүк Кореянын Нетфликс тобунда 1-орунга чыкты. Ал эми дүйнөлүк рейтингде англис тилдүү эмес каналдарда 3-орунду ээледи. 10 баллга чейинки баа берүүчү сайттар ичинде: Кинопоиск сайтында 9,3 балл, IMDb - 9,4 балл, MyDramaList'те - 8,7 балл чогултту.
Дорамада эмнелер камтылганы, эмнеси менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартканы тууралуу кыскача токтоло кетели.
Сюжети боюнча кыскача:
Дорама 1950-жылдары Чеджу аралында төрөлүп өскөн Э Сун (АйЮ) жана Кван Сик (Пак Бо Гом) аттуу каармандардын жашоосун баяндайт. Э Сун – кедей үй-бүлөдөн, поэзияга болгон сүйүүсү менен айырмаланган, эреже-тартипке баш ийбей, өзүнүн жолун тандаган, кайраттуу кыз. Ал билим алууга мүмкүнчүлүк болбосо да, поэтесса болууну кыялданат. Кван Сик болсо токтоо, ишенимдүү жигит. Ал Э Сунду дайыма колдоп турат. Дорамада алардын жашоосундагы сүйүү, үмүт жана кыйынчылыктар чагылдырылат.
Бул дорама жөн гана сүйүү баяны эмес, бул – үмүт, кыйынчылыктарга карабай жашоодо өз ордуңду табуу тууралуу драмалык комедия. Тарыхый жана маданий контекстти да камтыйт. Сериалда согуштан кийинки мезгил, аялдардын укуктары, коомдук катмарлар сыяктуу маселелер кошо чагылдырылган.
Актёрдук курам:
Режиссёр: Ким Вон Сок
Сценарист: Им Сан Чун
Каармандардын өнүгүүсү:
Бул дорамада каармандар өзгөрөт. Э Сун башында кыялдарга баткан. жандуу кыз болсо, кийинчерээк кыйынчылыктардан бышып, өзүнчө дүйнөгө айланат. Кван Сик болсо ага карата ишеним менен карап, ар дайым колдоп турган эркек образын берет. Ал көп сүйлөбөйт, бирок аракет менен сүйүүсүн көрсөтөт.
Символика:
Мандарин бул жерде жөн эле жемиш эмес, ал дораманын башкы сиволу:
Сценарист Им Сан Чун жана режиссёр Ким Вон Сок буга чейин да ийгиликтүү чыгармаларды жаратышкан. Алардын биргелешкен ишинин ар бир эпизоду көрүүчүнүн жүрөгүнө жетет. Дорамадагы табият, мандарин бактары, жамгырлуу түндөр – эмоцияны визуалдык түрдө жеткирет.
Эмне үчүн көрүүчүлөрдү өзүнө тартты?
Жогоруда айтылган ТикТок менен Инстаграмда вирустук жол менен тарап жаткан айрым цитаталарды жаза кетели:
Бул цитаталар дораманын философиясын жана каармандардын мүнөзүн түшүнүүгө жардам берет.
Көрүүчүлөрдүн пикири:
Сынчылардын пикири: