Оштогу Сулайман-Тоонун этегине салынган үйлөр бузулабы? (видео) 

Бүгүн, 15-апрелдеги Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейди А.Навои көчөсүндө уланды. Анда жергиликтүү тургундар Сулайман-Тоонун этегине салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча суроо берип, маселени чечип берүүнү суранды.
Калаа башчысы бул аймакка үй салууга мүмкүн эместигин айтып, ал жерлердеги турак жайлар толугу менен бузула тургандыгын билдирди.
Ошондой эле архитектура башкармалыгына тапшырма берип, канча үй бар экендигин эсептеп чыгуу керектигин кошумчалады. Анткени ал жердеги тургундарга башка жактан жер берилери айтылды.
Рейдди улай мэр Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Шамшат, Х.Мирзакантов, Бостон жана Ф.Мирзажанов көчөлөрүнө барды. Анда мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, жолдорду кеңейтүү талабы коюлуп, бүгүндөн баштап бузуу иштерин баштоо керектиги айтылды.
Оштогу Сулайман-Тоонун этегине салынган үйлөр бузулабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан