Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеваны берген убадасын аткарбаганы үчүн сынга алды.
Ал министрге жасаган баяндамасы кооз болгону менен иш жүзүндө аткарылбай жатканын айтты. Ошондой эле депутат министрге парламенттин 12-мартындагы отурумунда айткан сөзүн эске салды.
"Министрлер кабинети мүчөлөрү менен келип отурду. Жаныңызда Эдил Байсалов отурду. Ошондо "мектептерде лабораторияларды ачып жатабыз" дегенсиз. Мен сизден "Лейлек району менен Сүлүктү шаарындагы кайсы мектептерге ачылат?" деп сурасам, кагаз түрүндө жооп берем дедиңиз. Бир айдан өттү, бирок бир дагы тизме жок. Себеби эмнеде?" - деди ал.
Кендирбаева жооп берилбегени үчүн кечирим сурап, буга тийиштүү болгондордун жоопкерчилиги караларын айтты. Эл өкүлү бул үчүн башка бирөөнүн жоопкерчилиги эмес, а министрдин өзүнүн жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, Кендирбаева ошондо убаданы өзү берген.