Орусиялык эки футболчу өмүр бою футболдон четтетилди

Орусиянын футбол союзунун Контролдук жана дисциплинардык комитети "Коломна" клубунун оюнчулары Никита Мерзлюк менен Кадыргали Симбаевге беттеште атайын утулуп бергени үчүн футболго байланыштуу ар кандай иш-чаралардан өмүр бою четтетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында айтылат.

Бул оюн былтыр, 1-августта болгон. Анда Орусия Кубогунун алкагында "Амкал" медиа клубу Экинчи Лигада ойногон "Коломнаны" 8:1 эсебинде утуп алган.

Беттештен кийин эле күйөрмандар эки футболчуну атайын утулуп берди деп айыптай башташкан.

Мерзлюк дарбазачы болсо, Симбаев коргоочу болгон.


Кечээ, 18-апрелде көзөмөл жана дисциплинардык комитети Мерзлюк менен Симбаевди өмүр бою футбол менен алектенүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле атталган беттештин жыйынтыгы таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан