Швеция, Финляндия, Дания жана Норвегия АКШга көз каранды болбоо үчүн коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө. Бул тууралуу The Wall Street Journal эксперттерге таянып жазып чыкты.
Басылма Швеция суу астында жүрүүчү кайыктарды жана танкаларды чыгарса, Норвегия деңизде байкоо жүргүзүү жана Арктикадагы согуштук мүмкүнчүлүктөрдү камсыздай турганын белгиледи. Ал эми Финляндияда Европадагы эң чоң туруктуу армия жана артиллерия бар болсо, Данияда Ооганстан менен Иракта тажрыйба топтогон атайын күчтөр бар деп жазат.
"Мындай аймактык топтун Германиядагыдай толук интеграцияланган аскердик-өнөр жай базасын түзүү үчүн экономикалык жана ресурстук потенциалы бар", - деген басылмага АКШнын чалгын кызматынын мурдагы улук талдоочусу Эрик Чиарамелла.
Өз кезегинде Финляндиянын Эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери Матти Песу басылмага Түндүк блок өлкөлөрүнүн башка топтор үчүн үлгү боло аларын айткан. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын өлкөнү Түндүк Атлантика альянсынан чыгаруу коркунучун эске салып, "Бул НАТО иштебей калган учурда резервдик план", - деп кошумчалаган.