"Америка күчтүү, көз карандысыз болгонго үйрөтөт" дейт Вашингтондо окуп жаткан Мээрим

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Америка Кошмо Штаттарында билим алып жаткан Мээрим Аруунова болмокчу. Ал учурда Вашингтон илим жана технологиялар университетинде (Washington University of Science and Technology) бизнес башкаруу боюнча магистратураны өздөштүрүп жатат.

Мээрим 27 жашта, Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. №3 орто мектепте билим алган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк "Манас" университетине эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырган. Биз каарманыбыз менен маектешип, Америкадагы билим берүү системасына, жашоосуна кызыгып көрдүк.

- Саламатсызбы, Мээрим! Америкада магистратурада окуп жатканыңызга кубандым. Окууңуз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз.

- Саламатсызбы! Чоң рахмат. Окуум гибрид форматта өтөт – кээде онлайн, кээде сөзсүз түрдө оффлайн сабактарга катышуу талап кылынат. Университет Александрия шаарында, ал эми мен Вашингтондо жашайм. Эки шаардын аралыгы узак эмес, болжол менен 40 мүнөттүк жол. Бирок бул аралык да жашоомдун күнүмдүк бир бөлүгү болуп калган.

- Ал жактын билим берүү системасынын айырмачылыктарын айтып бериңизчи.

- Мен бакалаврды Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуганым үчүн анчалык чоң айырмачылыкты көрө алган жокмун. Анткени "Манас" университети түрк системасы менен окутат. Түрк билим берүү системасы, сиздер билгендей эле, батыш системасына окшош. Ошон үчүн бул жактагы окуума көнүп кетүү бир топ жеңил болду. Ал эми Кыргызстанда башка университеттерде окуп көрбөгөнгө салыштыра албайт экенмин.

Магистратура боюнча айта кетсем, көп убактыңды өзүңдү өзүң окутуу менен өтөт экен. Профессорлор темаларды берет, калганын өзүбүз издеп таап, изилдеп, окуйбуз. Бардык дүйнөлүк онлайн китепканаларга кирүү мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Мага окуунун мындай түрү жагып жатат.

- Чоң шаардагы жашооңуз кандай өтүүдө?

- Ооба, сиз белгилеп өткөндөй эле, Вашингтон – тарыхка бай, эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар, конференциялар өтүп турган чоң шаар. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып өзүмө керектүү, окуп жаткан багыттагы жана мага кызыктуу семинарлар, форум, конференцияларга катышып, ал жактан да жакшы билимдерди алуудамын. Иш-чараларда ар түрдүү инсандар менен таанышып, нетворкинг курганга аракет кылып жатам.

Бул жакта убакыт аябай бат өтөт. Андыктан ар бир күнүмдү пайдалуу өткөрүү аракетиндемин.

- Магистратурада стипендия менен окуйсузбу же акылуубу?

- Мен эч кандай стипендия, грант менен окубайм, өзүм төлөп окуйм.

- Андай болсо окуу акысы, тамак-аш, баскан-турганыңызга кеткен каржы маселесин кантип чечип жатасыз?

- Окуумдан сырткары иштейм. Бирок студент болгонум үчүн 8 сааттык жумушта иштөөгө укугум жок. Ошол үчүн 4 сааттык жумушта (Part time) кызмат көрсөтүү тармагында иштейм. Андан сырткары фрилансермин. 3 жылдан бери таргетолог болуп иштеп жүрөм.

- Бош убактыңызда, эс алуу күндөрү эмне менен алектенесиз?

- Андай убакта жакын жайгашкан шаарларга мини саякатка чыгам. Жакында эле Нью-Йорк шаарына барып келдим. Жаңы жылды болсо Филадельфияда тостум.

- Башка шаарларга чыгып, саякаттап жатканыңызга караганда ал өлкөгө көнүп кетүү процесси оңой болгон окшойт сизде?

- Ооба, бат эле көнүп кеттим. Жолум ачык болду десем да болот. Анткени келерим менен эле жумуш табылды. Вашингтон шаарынан батир табылганы да мени кубандырды. Анткени шаардан башка бардык жактарга жетүү жеңил болот. Алгач 3 ай фотограф болуп иштедим. Мурун сүрөткө тартып иштечүмүн. Буга чейин мекенде алектенип жүргөндөрүм, иш тажрыйбаларым бул жактагы жашоомо, көнүп кетүүмө чоң жардамын тийгизди.

Тамак-аш жагынан да кыйналуу болгон жок. Бир гана эттин даамы бир аз башкача. Калганы баары ошондой эле. Америкадан ар ким өзүнө жаккан даамды таба алат.

Аба ырайы алмашканына байланыштуу жаңы келгенимде бетиме бир немелер чыкты. Бирок тез эле кайра ордуна келди. Башка кыйынчылык деле байкаган жокмун.

- Жергиликтүү жашоочулардын кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?

- Жергиликтүү элдин жылмайып карап, сылык мамиле жасаганы өзгөчө болду. Анан "small-talk" деген кыска-нуска маектерге көпкө көнө албай жүрдүм. Азыр гана мындай маектерге көнүп бара жаткан учурум. Бул маек кадимки сүйлөшүүдөн айырмаланып өздүк суроолор берилбей, аба ырайы же дагы башка темаларда кыска сүйлөшүп, кайра дароо ар ким өз жумуштарын жасап кетишет.

Дагы байкаганым, майда-барат иштер үчүн да ар бир жолкусунда ыраазычылык айткандан жадашпайт экен. Өзүм да ошого көнүп калдым. Мисалы, "муну жасаганыңызды байкадым, рахмат, бул кылганыңызды аябай барктайм" сыяктуу сөздөрдү көп колдонушат.

- Жергиликтүү студенттер же сиз сыяктуу чет өлкөдөн келген студенттер менен тил табышууда кыйналган жоксузбу?

- Жок, көп деле кыйналган жокмун. Анткени көпчүлүгүбүз өз мекендерибизден башка өлкөгө келип окуп жатканга бири-бирибизди түшүнүү жеңил. Ошондуктан өзүбүзгө өзүбүз жөлөк болуп, колдоп, жардам, кеңеш берип жатып, тез эле жакын мамиледе болуп кеттик. Бирок Америка күчтүү, көз карандысыз болгонго үйрөтөт экен. Же чет жакта толук таяна турчу кишиң жок болгонунан ошондой боло түшөбүзбү, айтор, жан дүйнөдө, дүйнөгө болгон көз карашта аябай өзгөрүүлөр жаралат.

- Магистратураны аяктаган соң мекенге кайтасызбы, же ал жактан иш тажрыйба алууну пландап жатасызбы?

- Азырынча башкы максатым – окуумду ийгиликтүү аяктап алуу. Магистратураны бүтүргөндөн кийин алган билимимдин негизинде иштеп, тажрыйба топтогум келип турат. Мекенге кайтканда билимим менен гана эмес, иш тажрыйбам менен да бөлүшкүм келет.

Бир аз тажрыйба алгандан кийин маркетолог же цифровой маркетолог жаатында да иштеп көрсөмбү деп жатам. Анткени бул жакта маркетинг аябай күчтүү. Америкада жүргөн кезимде бул өлкөнүн өнүккөн жактарын өздөштүрүп алуу ниетим бар. Бул кийин өзүмдүн жеке маркетинг боюнча агенствомду ачканга жардам берет. Ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууну пландоодомун.

- Жакшы максаттарыңыз бар экен, ишке ашуусуна тилектешмин. Сизге окшоп Америкада билим алгысы келген жаштарга кеңеш берип кетсеңиз.

- Рахмат! Америкага келип окугусу келгендерге айтарым, алдын ала бардык тобокелчиликтерди карап чыгыш керек. Эл менен тез тил табышканга үйрөнүү, ата-энеден сепарация болуу жана мунун баарына психологиялык жактан даярданыш керек.

Анан бул жакта аябай көп кызыктуу нерселер бар. Башкысы өздөрүнүн максатын унутпай, башка нерселерге алаксыбай, койгон максатына жеткенге аракеттене берүүлөрү керек.

Албетте, тил билүү шарт. Ансыз билим алуу мүмкүн эмес.

- Өзүңүздүн тил үйрөнүүдөгү тажрыйбаңыз менен да бөлүшө кетсеңиз?

- Мен тил курстарды, кайсы тилди үйрөнүп жатсам ошол тилдеги атайын маектешүү топторун (talking club) издеп таап барчумун. Университетте сабактарыбыз англис тилинде өтчү. Андан сырткары өзүм изилденип, англис тилинде китептерди окуп, кино, сериалдарды көрчүмүн. Менин айланамдагы 90 пайыз досторум да англисче билишчү. Алардан артта калбайын деп жанталашчумун. Көп нерсе сени курчап турган чөйрөдөн да көз каранды болот экен.

- Мекенге болгон сагынууну кантип жеңип жатасыз?

- Жакшы суроо болду. Мен үйдү сагынганда колго камыр жууруп, апам жасап берген тамактарды, шорполорду жасап ичем. Апамдын даамдуу тамактарына жетпейт, албетте, бирок бир саамга үйдүн атмосферасын сездирет.

Анан да өлкөбүздү сагынып баштаганда кыргызча музыкаларды угам. Өзгөчө Абир Касеновдун ырлары кайра-кайра каталап укчу ырлар тизмегинде.

- Мээрим, кызыктуу маек, кеңештериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Окууңузду ийгиликтүү аяктап, алдыга койгон максаттарыңыздын орундалуусуна тилектешпиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан