Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Бахрейн королдугуна болгон эки күндүк расмий сапары аяктап, Ысык-Көл облусуна кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө президент Садыр Жапаров менен Бахрейндин королу Хамад бин Иса Аль Халифа жолугушту.
Анда мамлекет башчылар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышкан.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, инфраструктура, маданият, юстиция жана дин чөйрөсү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар эки жактуу документке кол коюлду.
Ушул эле күнү мамлекет башчысы Бахрейн королдугунун Улуттук жыйынынын консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль-Салех менен жолугушкан.
Мындаш тышкары Садыр Жапаров Бахрейндин Улуттук музейинде болуп, Бахрейнге чейинки ар түрдүү мезгилдерди камтыган бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты.
Президент Бахрейн тарапка өлкөнүн кылымдарды карыткан тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.
Сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Бахрейндин борбордук банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Хасан Халифа Аль-Жалахма менен жолугушту.