Бүгүн, 22-апрелде Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк Олимпиаданын “Айкалышкан пирамида” оюндары башталды. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.
Маалымдалгандай, 20дан ашуун өлкөдөн келген 81 спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышууда. Алардын эң кичүүсү 13 жашта. Оюндардын жалпы байге фонду 5 миллион сомду түзө тургандыгы айтылган.
Жарым финал жана финалдык беттештер Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз футбол биримдигинин имаратында, калган оюндар шаардагы бильярд клубда өтө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Ачылуу аземине бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.