Орусиянын Владимир облусунун Киржачский районундагы аскердик бөлүктүн кампасында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграмм каналдары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы ракеталык-артиллериялык башкармалыгынын 51-арсеналы жайгашкан Барсово айылына жакын жерде болгон. Анда ок-дарыларды атайын зыянсыздандыруу учурунда катуу жарылуу болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги жардыруу "коопсуздук талаптарынын бузулушунан" келип чыкканын жана күнөөлүүлөр жоопко тартыларын белгиледи. Өрттү өчүрүүгө аскер бөлүгүнөн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экипаждары тартылган.
BAZA Телеграм каналы кампада кеминде 10, 11 жарылуу болгонун жазды.
Жарылуудан жабыркаган адамдардын саны 10го жетти.
Учурда аталган аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, 3000дей жергиликтүү тургун эвакуацияланды.