Бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарына Англиянын «Golden Eagle Luxury Trains» туристтик фирмасына таандык туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, поезд 18 вагондон турат, алардын ар бири жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукка ээ, ошондой эле ресторан-вагондор менен жабдылган.
"Бул поездде Батыш Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнөн келген 60тан ашуун чет элдик туристтер саякаттап, өлкөбүздүн кооз жерлери менен таанышып жатышат.
Поезд Алматы – Бишкек – Балыкчы – Ташкент – Бухара – Ашхабад – Хива – Китаб – Дүйшөмбү – Самарканд – Маргилан – Кокон багытында жүрөт", - деп билдирди мекемеден.
Белгилей кетсек, буга чейин, 7-апрелде Европа өлкөлөрүнөн туристтик поезд келгени кабарланган эле.