Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов Чолпон-Атадагы ат майдандан көк бөрү көрүштү (сүрөттөр)

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго бүгүн, 23-апрелде, Ысык-Көлдө кыргыздын улуттук ат оюндары тартууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларга "Жорго салыш" жана "Көк бөрү" оюндары көрсөтүлгөн. Ошондой эле ипподромдун кире беришинде кадырлуу конокторду төкмө акындар тосуп алышкан. Андан соң делегацияга "Кыргыз айылы" этнокомплексиндеги боз үйлөр, элдик кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана кийимдер көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары меймандарга "Салбуурун" салттуу мергенчилик өнөрүнүн алкагында алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылыктын элементтери тааныштырылган.

Маданий программанын соңунда президент Садыр Жапаров ардактуу конокту "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан