Кандай жигиттер кыздарга жагат? Психолог мамилелер тууралуу айтат (видео)

SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңеш" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында психолог Наргиза Эштаева менен маектештик. Ал сүйүү, мамиле жана жаштар арасындагы түшүнбөстүктөр тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

Айта кетсек, Эштаева 25 жылдан бери үй-бүлөлүк психолог болуп эмгектенип келет. Айтымында, психологго кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Маектин жүрүшүндө Эштаева кыздар өмүрлүк жарын тандоодо койгон талаптарына өзүлөрү дагы шайкеш келиши керек дейт.

"Адам биринчи өзүнө баа бериши керек. "Кандай адам, колунан эмне келет, кайсы мүмкүнчүлүктөрү бар, өзүнүн аракеттери кандай?" деген суроолорду берип. Болочоктогу жолдошуңан эмненин талап кылып жатсаң, ага өзүң дагы шайкеш болушуң керек. Ошол үчүн адам өзүн угуш керек. Баалуулуктарды материалдык байлыкка байлабаш абзел. Сүйүү болушу зарыл. Сүйүү болгон жерде жакшы үй-бүлө куралат", - деди психолог.

Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-04-24 15:13:00
Кимдин акчасы көп болсо ошол жагат кыздарга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан