Чет өлкөдө окуп, билим алып жүргөн жаштарыбыздын саны күндөн-күнгө өсүүдө. SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын кезектеги маеги Түштүк Кореяда магистратурада окуп жаткан Гүлзат Самидинова менен болмокчу.
Гүлзат 26 жашта, Ош шаарында төрөлүп өскөн. 1-класстан 7-класска чейин №14 Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектепте окуп, 8-класста №28 Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар лицейине которулган. Ал мектепти аяктаган соң Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине тапшырган. "Билимдүүнүн билими жугат" дегендей, каарманыбыздын билим алуу тажрыйбасы менен бөлүшкөнү чет өлкөдө окугусу келген жаштарга пайдалуу болоруна үмүтүбүз чоң.
- Саламатсызбы! Алгач Түштүк Кореяда окуу сиздин кыялыңыз беле, же турмуштун агымы менен бул өлкөгө барып калдыңызбы деген суроо узаткым келди.
- Саламатсыздарбы! Мен бул өлкөнү өзүмө ОшМУда окуп жүргөндө эле ачканмын. Биринчи курста окуп жатканда университетибизде корей тили курсу бар экенин угуп, ошол жакка катталгам. Бирок ал курста көпкө окуй албадым. Анткени өзүмдүн негизги сабактарыма көбүрөөк көңүл буруу керек болуп, убакыт жагынан жетишпей калгам.
Университетти аяктап, кесибим боюнча иштеп жүргөн кезде бир күнү биздин жумушка жаңы жумушчу келет. Кызыктын баары ушул жерден башталды. Ал жаңы келген кесиптешим Кореяда окуп, иштеп келген экен. Аны укканда мен өзүмдүн ал өлкөгө барып окуу кыялымды эстедим. Өз алдынча тил үйрөнө баштадым, кесиптешимден да жардам сурадым.
Көп өтпөй тил курсуна да жазылдым. 1 жылдай барып, ошол эле учурда Кореядагы университеттерди изилдеп, документтеримди чогултуп жүрдүм. Бирок мен ойлогондой оңой болгон жок. Бул жакка келүү үчүн 2 жылдай аракет кылдым. Кесиптештерим, досторум аракетим ийгиликсиз болгондо мени колдоп турганы менен, кайра-кайра аракет жасай бергенимде эмнеге мынчалык Кореяга барып окугум келип жатканын түшүнүшкөн жок. Ошентип отуруп акыры кыялым орундалды. Учурда Чхонан шаарында Намсеул университетинде бизнес башкаруу багытында магистратурада окуп жатам. Муну менен чет өлкөгө келип окугусу келгендерге университетке тапшыруу же виза алуу ийгиликсиз болуп калса, дароо баш тарпагыла, кайра-кайра аракет кыла берсеңер, акыбети кайтат дегим келет.
- Кыялыңыздын орундалуусу үчүн тайманбай жасаган аракетиңизди бааладым. Ал өлкөнүн окуу системасы жөнүндө айта кетсеңиз.
- Бул жакта биринчи курстан акыркы курска чейин бир эле тайпалаштар менен окубайсың. Ар бир студент өзүнө ыңгайлаштырып күндөлүк түзүп алса болот. Окуу башталганга 2 жума калганда сабактарды тандап алуу үчүн атайын портал ачылат. Белгилүү профессорлордун учурда популярдуу болуп жаткан сабактарына орундар бат эле толуп калат. Ал сабактарга катталып калуу мүмкүнчүлүгүбүздү колдон чыгарбоо үчүн портал ачылганда дароо сабактарды тандап, катталып калууга шашылабыз. Тандап алган сабактарга катышып көрүүгө 2 жума берилет. Бул убакытта студенттер ал сабактарды андан ары улантуу же башка сабак тандап алуу чечимин чыгарышат.
Андан сырткары сууда сүзүү, спорт оюндары, бий боюнча да курстар бар. Аларга да орундар тез эле толуп калат.
Кореяда окуу, жалпысынан айтканда, март айында башталат жана негизги семестр катары эсептелет. Окуу процесси жазгы жана күзгү семестрлерге бөлүнөт.
Апрель айынан тарта аралык экзамендер башталат, ал эми июнь айында жалпы семестрдин жыйынтык экзамендери өтөт. Күзгү семестр сентябрь айынан башталып, декабрь айынын аягында аяктайт. Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, студенттердин жоопкерчилиги абдан чоң, бул жерде эч ким силерге окугула деп эскертип же урушпайт. Экзамендер оор болгондуктан, студенттер өз алдынча тырышып окушат.
- Жергиликтүү элдин кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?
- Ар ким өзү менен өзү, башка менен иши жоктой жашашат. Анан да шашып жашагандай туюла берет мага. Эртең менен эрте туруп көчөгө чыкканда 60-70 жаштан ашкандар рюкзак асынып алып баратканын көп байкайм. Алар тоого чыгып, же спорттун хайкинг түрү менен алектенишет. Спорттун бул түрү бул жакта аябай популярдуу. Жашы да, карысы да ден соолукка, спортко убакыт бөлүшөт.
Башында айтып өткөндөй эле, ар ким өзүнүн иши менен жүрө беришет. Ашканаларда, коомдук жайларда столдун үстүнө капчыгыбызды, телефонубузду ойлонбой таштап кете беребиз. Бирөөнүн буюмуна эч ким тийбейт. Сөзүм куру болбосу үчүн өзүм туш болгон бир окуяны мисал катары айтып кетейин.
Сабактан сырткары кошумча жумушта иштейм. Кышында кар жаап жатканда жумушка баратып кулап кеттим. Иштеген жериме барып, кийим которуп жатып телефонумдун жок экенин байкадым. Кулаган жерден түшүп калган окшойт деп, ал жерге барып карасам жок экен. Автобуста калып калганбы деп тиешелүү кызматкерлерден текшерип берүүсүн өтүнсөм, камерадан телефонуңузду колуңузга кармап түшкөнүңүздү байкадык дешти. Кайра жумушка барып кесиптештеримдин телефону менен көп жолу чалдым. Кечке жуук чалуума бирөө жооп берди. Телефон аялдамада турганын айтты. Көрсө, кулаган жериме түшүп калган жерден аялдаманын отургучуна алып коюшкан экен. Телефонум бир күн бою аялдаманын отургучунда турганына аябай таң калгам.
- Ал жакта окуу учурунда кандай кыйынчылыктар болот?
- Окуу негизи кызык болот. Бирок, менин оюмча, экзамен учуру бир аз кыйын. Чет өлкөлүк эле эмес, жергиликтүү студенттердин да түнү-күнү катуу даярдангандарын байкадым. Андай кездерде китепканалардан бир орун да таба албайсың. Эрте жазылып, орун ээлеп алыш керек.
Ал эми чет өлкөлүк студенттерге кыйынчылыгы – тил үйрөнүп барсаң да, кээде айрым сөздөрдү түшүнбөй калып, аны которууга убакыт керек болуп калат.
- Окуп жаткан багытыңызды өзүңүз каалап тапшыргансызбы, же актуалдуу болуп жаткан үчүнбү?
- "Жети өлчөп, бир кес" дегендей, акылга салып иш кылдым десем болот. Анткени, жогоруда айтып өткөндөй, бакалаврда окуп жатканда тил жана котормо боюнча билим алгам. Тил билүү, албетте, маанилүү, бирок тил билип эле тим болбостон, башка багыттарды да үйрөнүп алган ашыкча болбойт. Азыр бизнес башкаруу боюнча окуп жатам. Келечекте үйрөнгөн тилдерим менен дагы башка өлкөлөрдө да, эл аралык деңгээлдеги бизнес башкаруу, стратегиялык талдоо боюнча компанияларда тажрыйба чогулткум келет.
- Окууңузду бүтүргөндөн кийинки пландар кандай болуп жатат?
- Чет элдик студенттерде атайын Д-10 иш табуу жана ишке орношуу визасын алууга мүмкүнчүлүк бар. Билишимче, ал визаны алууга бир жылдан эки жылга чейин убакыт берилет. Ошол визага тапшырып, ишке орношуу максатым бар.
Бул өлкө сунуп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү колдон келишинче колдонуп калсам дейм. Окуу системасындагы айырмачылыктарды байкадым. Эми иш жүзүндөгү өзгөчөлүктөргө күбө болгум келет.
Биротоло бул өлкөдө калуу ниетим жок. Азыр да мекенимди сагынып калам. Бирок мүмкүнчүлүктөрдү убагында пайдаланып калуу да маанилүү. Кыргызстанга кайтканда алган тажрыйбаларым менен бөлүшүп, өз салымымды кошсом деген жакшы тилектерим бар.
- Алдыга койгон чоң максаттарыңыз бар экен, орундалуусуна тилектешпиз! Мекенге болгон куса болуп турат деп калдыңыз, андайда эмне кыласыз?
- Интернет өнүккөн заманда жашап жатканыма шүгүр кылам. Анткени үй-бүлөм, досторум, жакындарым менен тез-тез видеочалуу аркылуу сүйлөшүп турам. Мындай мүмкүнчүлүк болбосо кандай болорун элестетип көрүү мен үчүн оор.
Биринчи келгенде өзүбүздүн тамактар жасалган ашкананы издеп таап барчубуз, өзүбүз да даярдап жечүбүз. Азыр болсо бул жактын тамагына көнүп калдык. Ошентсе да бала кезден бери жеген өзүбүздүн даамдарды, жайлоо жыттанган курут, сүзмөлөрдү сагынбай койбойсуң. Андайда ата-энем азык-түлүк жөнөтүшөт. Учурдан пайдаланып алыста окуп жатканымды колдоп, өз жардамын берип келген ата-энеме, бир туугандарыма жана жакындарыма ыраазычылык билдирип кетпесем болбойт.
Анан да менин бул өлкөдө окуп калышыма себепчи мугалимдериме да терең ыраазычылык билдирем. Өзгөчө Уркуя Салиева мектебинде окуп жатканда Шананова Сырга Бекмаматовна жана Токтокожоева Изатгүл Кошубековна аттуу эжейлерим ой жүгүртүүмдү, жашоого көз карашымды өзгөртүп, кеңештерин көп берген. ОшМУда окуп жатканда практикалык сабактарды аябай кызыктуу өтүп, кесибимди сүйүүгө түрткү болгон Ибраимова Сатина Чыныбековнага жана Алымкулова Светлана Батырбековнага ыраазычылык билдирем.
Ал эми Кореяга келүүмө жардамын аябаган Манишов Алтынбек Жанышбекович агайым болсо документтеримди даярдоодо көмөкчү болуп, ар бир этабында өзү контролдоп турчу. Андан сырткары бул жакка келгенден кийин көнүп кеткенче ал-акыбалыбызды сурап, кабар алып турганы үчүн терең ыраазымын.
- Гүлзат, окууңузду ийгиликтүү аяктап алууңузга тилектешпиз! Билим алуу тажрыйбаңыз менен бөлүшкөнүңүзгө биз да ыраазычылык билдиребиз.