ТИМ Стамбулда кармалган кыргыз мугалими боюнча билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы эл аралык олимпиадада окуучуларды коштоп жүргөн кыргыз жараны Н.А.нын кармалышы боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө. Кармалган кыргыз жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлүп турат.

"Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен Кыргыз жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Айта кетсек, буга чейин “Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

"Азаттык" анын жакындарына шилтеме берип жазгандай, ал 20-апрелде Анталияга алты окуучуну математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып барган. Аны Стамбулдун аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап, ал ошол боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан