Садыр Жапаров 500 метрден бир кап таштанды чогултканын айтып, кыргызстандыктарга кайрылды (видео)

"Биз келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз". Бул туурасында бүгүн, 26-апрелде президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" жаратылыш паркында өткөн ишембилик учурунда билдирип, кыргызстандыктарга чакыруу жасады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ишембиликке президенттин администрациясынын жана Иш башкармалыгынын жетекчилиги, кызматкерлери катышты.

Мамлекет башчысы элге өз жаратылышына аяр мамиле жасоо, таштанды калтырбоо, өзүнө жана курчап турган чөйрөгө карата аяр мамилени калыптандыруу чакырыгы менен бир нече ирет кайрылган.

Ал белгилегендей, "Ала-Арчадагы" карагай токоюн аралап болгону 500 метр басып өткөндөн кийин бир мүшөк таштанды чогулткан. Буга байланыштуу ал апаларга кайрылып, таштандылардын арасында ыргытылган балдардын жалаяктары көп экенин баса белгилеп, аларды токойго, эс алуу жайларына калтырбоону өтүндү.

"Таштандыны ким таштап жатканына карабастан - туристтерби же жергиликтүү тургундар болобу, таштандыны көргөндө, жанынан өтүп кетпеңиздер: аны чогултуп, жакынкы таштанды челекке алып барыңыздар. Бул кыйын эмес, колуңар булганып калбайт", - деди мамлекет башчысы.

Президент жаратылышты коргоого чакырып, кыргызстандыктар ага өзү кам көрбөсө, биз үчүн башка эч ким жасабасын баса белгиледи.

"Эгерде биз жаратылышка ушунчалык кайдыгер болсок, аны 10-15 жылда, 20-30 жылда эле жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми жаратылыш түбөлүк болушу керек. Өлкөбүз таза болушу керек. Биз келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз", - деп кошумчалады Жапаров.

Садыр Жапаров "Ала-Арча" жаратылыш паркын тазалоо учурунда кыргызстандыктарга кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан