Бүгүн, 28-апрелден тартып, Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Улуу Жеңишке - 80 жыл" коллекциялык күмүш тыйынын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, тыйын "Тарыхый окуялар" сериясынын алкагында чыгарылып, расмий төлөм каражаты статусуна ээ болду. Анын алдыңкы бетинде майрамдык салютту элестеткен "80" саны, кызыл гүлдесте жана жылдыз чагылдырылган. Арткы бетинде канат жайган көгүчкөндөрдүн сүрөтү, "2025" жана "1945" сандары жана өлкөбүздүн герби орун алган.
Тыйындын негизги өзгөчөлүктөрү:
"Ар бир тыйын атайын капсулага салынып, сапат сертификаты жана кутуча менен коштолот. "Улуу Жеңишке - 80 жыл" коллекциялык тыйыны Улуттук банктын мекемелеринде 5 200 сомдон иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg сайтында сатылат", - деп айтылат маалыматта.