Өлкө башчы Садыр Жапаровдун чечими менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге мамлекет башчы кол койду. Чечим фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк тарыхый маанисин жана Жеңиштин 80 жылдыгын эске алуу менен кабыл алынды.
2024-жылдын 1-апрелине карата республикада Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагеринин катталгандыгы маалымдалды.
Жарлыкка ылайык, жардам төмөнкү категориядагы жарандарга берилет: согуштун майыптарына жана катышуучуларына, концлагерь, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга, Ленинградды коргоого катышкандарга. Жардамды каржылоо үчүн президенттин фондунан 3 миллион 232 миң сом бөлүнөт.