MBANK Travel Day Ош шаарында өлкөнүн туристтик рыногу менен кенен баарлашуу үчүн негизги кадам болду

MBANK Travel Day Ошто: түштүк борборунда субагенттер үчүн өткөн биринчи ири иш-чара

MBANK Travel Day — бул жөн гана жолугушуу эмес. Бул ачык диалог, тажрыйба алмашуу жана туристтик бизнести өзгөртүп жаткан санариптик чечимдерди сунуштоо үчүн ачык аянт. Биринчи жолу мындай масштабдагы иш-чара Ош шаарында өтүп, региондун туристтик тармагынан 200дөн ашык өкүлдү чогулду.
Бул иш-чара — Ош шаарында субагенттер үчүн уюштурулган биринчи мындай форматтагы иш-чара, жана MBANK бул маанилүү кадамды баштап, өлкөнүн түштүгүндөгү туризм рыногун өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойноодо жана 200дөн ашык туристтик тармактын өкүлдөрүн бириктирип, жыйын өткөрдү.

Air Astanaдан жаңы каттам — регионго белек

MBANK Travel Day иш-чарасынын негизги окуясы — Air Astana авиакомпаниясынын Ош — Алматы каттамын түз берүү боюнча анонс болду. Каттам 2025-жылдын 28-майында башталат жана туроператорлор, субагенттер жана алардын кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, маанилүү транспорттук көпүрө болуп калат.

Air Astana катышуучулар үчүн белектер жана сыйлыктарды ыйгарды, ошондой эле жаңы багыт боюнча атайын шарттар жана сунуштарды сунуштады.

MBANKтын туристтик бизнести өнүктүрүүгө арналган санариптик чечимдери

Иш-чаранын алкагында катышуучулар MBANKтын күнүмдүк иш-чараларды автоматташтыруу жана туристтик агенттиктердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн иштелип чыккан куралдары менен таанышышты.

Сунушиалган чечимдердин ичинде — бизнести автоматташтыруу үчүн санариптик экосистема, анын ичинде MBusiness, MKassa жана M+ өнүмдөрү бар. Бул чечимдер иш процесстерин оптималдаштырууга, кардарларга кызматты жакшыртууга, кирешени жогорулатууга жана тез өзгөрүп жаткан рынокто бир кадам алдыда болууга жардам берет.

Түштүк регионунун туризм рыногунун лидерлери менен биринчи жолугушуу

MBANK Travel Day иш-чарасынын маанилүү бөлүгү — Кыргызстан түштүгүнүн жетекчи субагенттери менен жолугушуу болду. Алар: ОсОО «Букит», ОсОО «Кочевник Ки Джи» жана ОсОО «Билет Стандарт». Бул компаниялар эң алдыңкы сапта иштешип, күн сайын кардарлар менен иш алып барган жана алардын муктаждыктарын жана үмүттөрүн терең түшүнүшөт.

MBANK үчүн мындай жолугушуу — түрдүү пикирлерди алуу жана кирешелүү иштешүүнү өркүндөтүүнүн маанилүү форматы. Мындай иш-чаралардын аркасында биз иш жүзүндө партнерлордун көйгөйлөрүн чечкен жана рыноктун муктаждыктарына жооп берген өнүмдөрдү иштеп чыгара алабыз.

Жаңы салттын башталышы

MBANK Travel Day — бул бир жолу уюштурулган иш-чара эмес. Бул — биздин келечектеги жыйындарга негиз салган биринчи кадам. Биз туризм, e-commerce, маркетинг жана каржы жаатындагы эксперттерди бириктирүүнү пландап жатабыз. Биз Кыргызстандагы туристтик бизнестин туруктуулугун, технологиялык жактан өнүгүшүн жана кардарларга багытталган болушун каалайбыз", — деп белгилешти иш-чараны уюштуруучулар.

MBANK — Биринчи санарип!

КР УБ №014 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан