Оштогу бош жумуш орундар жарманкесинде 2 миң жумуш сунушталды

Бүгүн, 29-апрелде С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жарманкеде 40тан ашуун ар багытта иш алып барган алдыңкы компаниялар тарабынан 2 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталды. Иш-чара мэриянын колдоосу менен “Миграциялык ресурстук борбору” жана Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулду.
Жарманкеге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, ишкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан