Bakai Bank менен Кыргыз футбол союзу кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту

2025-жылдын 30-апрелинде Кыргыз футбол союзу менен Bakai Bank’ынын ортосунда кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Бул өнөктөштүк Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө, спорттук инфраструктураны чыңдоого жана жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтууга багытталган.

Кол коюлган келишимдин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Алар балдар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, улуттук курама командаларды колдоого, турнирлерди, ошондой эле спорт тармагындагы билим берүү жана социалдык демилгелерди уюштурууга багытталат.

“Bakai Bank ар дайым коомду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдойт. Спорт адамдарды бириктирет, максаттарга жетүүгө шыктандырат жана күчтүү мүнөздү тарбиялайт. Кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошуп, спортчуларыбыздын келечектеги жеңиштерин колдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтабыз”, — деп белгилешти банктын өкүлдөрү келишимге кол коюу аземинде.

Кыргыз футбол союзу үчүн Bakai Bank менен болгон бул жаңы өнөктөштүк жаш футболчуларды даярдоо программаларын кеңейтүүгө, машыгуу базасын чыңдоого жана улуттук командаларды эл аралык деңгээлге чыгарууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Bakai Bank өлкөнүн дени сак жана туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн демилгелерди колдоп, өзүнүн социалдык миссиясын активдүү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан