Кечээ, 11-январда саат экиде Ош шаарынын борбордук көрүстөнүндө ардагерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты уюштурулду. Иш-чара аскердик урмат көрсөтүү аземи менен коштолду.

Ильина Прасковья Никитична 1913-жылдын 27-октябрында төрөлгөн. Ал Улуу Ата Мекендик согушта Ленинградды бошотууга катышкан, көптөгөн медаль жана сыйлыктардын ээси болгон.