Кыргызгидромет кызматы маалымдагандай, эртең, 15-майда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Башка аймактарда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15.. +20, күндүз +31 ... +36;
Талас жергесинде түнкүсүн +12... +17, күндүз +30... +35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +32... +37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8... +13, күндүз +22 ... +27;
Нарында түнкүсүн +4 ... +9; күндүз +22... +27;
Бишкекте түнкүсүн +16... +18, күндүз +32... +34 градус болот.