
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларына курула турган тоо-лыжа курорту "Ала-Тоо резорт" деп аталат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өлкө башчы
Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Мамлекет башчысы аталган курорттун инфратүзүмүнүн курулуш иштери башталганын жана ал мамлекеттин эсебинен курула турганын жазган.
"Жыргалаң участогундагы биринчи асма жолу келе жаткан жылдын июль айында бүтөт. Демек, келерки 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. Ал эми 2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт", - деди Жапаров.
Ошондой эле мейманкана, ресторан өңдүү жайларды курууга ылайыктуу жерлер жакында аукцион аркылуу сатыларын айтып, мындан улам инвесторлорго жана жарандарга кайрылган.
"Түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат. Биринчи фазасын курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик. Калган эки фазасы республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат. Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап бар, эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек.
Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүтүрүлүп берилет. Жерди алып коюп, узак мөөнөт курулуш кылып же "инфратүзүм бүткөндөн кийин жердин баасы он эсе кымбаттайт, анан башка бирөөгө сатып, үстүнөн киреше табам" деген түшүнүк болбойт. Андайларга жол бербейбиз. Анткени бул курорт жылына 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат деп болжолдоп жатабыз. Ошондуктан курулуштар туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алыш үчүн трассалар жана фуникулёрлор менен чогуу ишке берилиши керек.
Бул лыжа курорту бүтүп, ишке кирсе "Кумтөрдүн" катарын толуктап, жалпы республиканы багат. Жерлерди сатуу боюнча аукцион болжол менен июнь айынын биринчи декадасында башталат. Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатышат. Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор, кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат", - дейт өлкө башчы.