Жекшенов жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары болду 

Нурболот Жекшенов Жерди жана сууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, аны кызматка дайындоо буйругун айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев чыгарган.

Маалымат үчүн: Нурболот Жекшенов – юрист адистигине ээ, Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Буга чейин ар кандай мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде Шопоков шаардык кеңешинде, министрликтин борбордук аппаратында жана райондук деңгээлде жетекчилик кызматтарда иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан