Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушев 18-июнга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук сот 29-майда шаардык соттун аны үй камагына алуу чечимин жокко чыгарган. Токтомушевди камакка алуу өтүнүчүн УКМКнын төргөөчүсү келтирген.
Эске салсак, 22-майда буга чейинки Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев УКМК тарабынан кармалган. Ош шаардык соту "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталып жатканын мурдагы казыны 18-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.