Парижде Greenpeace уюмунун активисттери Гревен музейиндеги Франциянын президенти Эммануэль Макрондун көргөзмөдөгү айкелин Орусиянын элчилигинин имаратынын алдына алып келишти. Окуя болгон жерден видеону Le Parisien жарыялады.
Видеодон активисттер айкелди ак түстөгү кичи автобус менен алып келишкенин көрүүгө болот. ТААС агенттиги жазгандай, алар анын жанына Орусиянын желегин илип, Украинадагы жаңжалдын фонунда Орусия менен Франциянын экономикалык кызматташтыгын улантууга каршы ураандар жазылган плакаттарды илип коюшкан. Кыска демонстрациядан кийин активисттер айкелди унаага жүктөп, белгисиз тарапка алып кетишкен.
Буга чейин Franceinfo радиосу Greenpeace активисттери Гревен музейинен Макрондун айкелин уурдап кетишкенин билдирген. Алар музей кызматкерлеринин формасын кийип таң эрте авариялык эшик аркылуу алып чыгышкан. Franceinfo билдиргендей, скульптура 40 миң еврого жакын турат.