Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери эс-учун жоготкон жаранга тез жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2-июнда "Бишкек-Нарын-Торугарт" жолунун 22-чакырымында болжол менен саат 17:00 чамасында катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлер эс-учун жоготкон жаранды байкап, аны дароо кызматтык унаа менен аймактык ооруканага жеткиришти.
Жаранга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.