Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков Бишкектин четине көчүрүлгөн батыш автобекетинин абалы начар экенин айтты.
Ал ошондой эле чыгыш автобекетинин абалын канааттандырарлык деп баалады.
"Үч-төрт күн мурун чыгыш жана батыш автобекеттерин көрүп келдим. Чыгыш автобекети бүгүнкү күндүн талабына келтирилиптир. Батыш автобекетинде асфальт жок, шагыл төгүлгөн, жүргүнчүлөр үчүн көлөкөлөй турган жер жок. Кыскасы, шарттар жок. Көчүрүлгөнүнө жети-сегиз ай болуп калды. Бир да курулуш баштала элек", - деди Чойбеков.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев батыш автобекети ал жерге убактылуу жайгаштырылганын айтып, "Манас" аба майданына бара жаткан жолдо жаңы автобекет курулуп жатканын эске салды.
"Ал жерге асфальт төшөгөн эмеспиз. Анткени "ал жакка ипподром курулат" деген план бар. Бирок күтүү залы салынган. Убактылуу болсо дагы болушунча шарт түзүп бердик. Жаңы автобекет курулуп бүтөрү менен ошол жакка көчүрүлөт", - деди ал.