Президент Садыр Жапаров Кой-Таш окуясы боюнча чыккан сот чечими тууралуу пикирин "Кабар" агенттигине билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда аталган агенттик расмий сайтына жарыялады.
Кечээ, 3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарга карата өкүм чыгарылды. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, ал мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Бул боюнча өлкө башчы маек берип, сот чечимине кийлигишпөө керектигин айтты.
"Кандай чечим болсо да, соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек. Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. “Чыгарган чечими мыйзамдуу эмес десеңер, жогорку инстанцияларга кайрылгыла, акыркы чекитти Жогорку Сот койсун” деп келем. Мисалы, кемпир-абадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип, актап жатышат. Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз", -деп билдирген өлкө башчы.
Ошондой эле Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаев боюнча сот чечимин өзгөртүүгө укугу жок экенин белгилеп, эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсе болорун кошумчалады.
"Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынчалык катуу кетишпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алган. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал - мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек", - деген Жапаров.