Швеция абакта отурган жарандарын Эстонияга жөнөтөт

Швеция абакта отурган жарандарын Эстонияга жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Швецияда түрмөлөр жетишсиз. Макулдашууга ылайык, Эстониянын Тарту шаарындагы түрмө толугу менен Швециянын карамагына өтөт. Ал жерде 600 адамды 400 камерага жайгаштырууга болот. Түрмөдө Эстониянын мыйзамдары колдонулат, бирок кээ бир өзгөчөлүктөр болору айтылууда. Алгачкы швед туткундары Эстонияга 2026-жылдын жазында жөнөтүлүшү мүмкүн.

Адилеттүүлүк боюнча комитеттин төрагасы Хенрик Вингенин айтымында, бул жайлар Швециядагы түрмөлөрдөй стандарттарга жооп берет жана ошондой эле жабдылат. Тарту түрмөсүнө жайгаштырылышы мүмкүн болгон туткундардын катарына 18 жаштан жогору эркектер кирет, алар коопсуздук үчүн олуттуу коркунуч жаратышпайт.

Швеция бир орун үчүн ай сайын 8500 евро төлөйт. Бул Швециядагы түрмөлөрдө бир орун үчүн орточо 11 500 евро сарпталаарын эске алганда, арзан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан