Мыкаачылык менен денеси бөлүктөргө бөлүнүп, таштандыга ташталган аялдын аты-жөнү тактала элек. Бирок мына бул сүрөттөгү айым болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Бул туурасында маалымат жыйыны учурунда Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Александр Белунскас билдирди.
Анын айтымында, маркум кылмышка шектүү менен Карина деп таанышкан. Маалыматтарга караганда, ал сойкулук менен алектенчү. Милиция кызматкерлери сойкулукка шектүү катары 3 жолу кармашкан, бирок үчөөндө тең ар башка аттарды атаган. Эгер кимде-ким сүрөттөгү кызды тааныса, милиция кызматкерлерине кайрылса болот.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу урнадан башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүкчөгө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен. Бул факты боюнча шектелип, 1987-жылы туулган Наиль Надиров кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.