Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баалуу кагаздар маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкмөттөн кабарлашты.
Ал жыйында тышкы каржылоону тартуу, өлкөнүн жана мамлекеттик компаниялардын эл аралык капитал рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси каралды.
Отурумдун жыйынтыгында мамлекеттик органдарга баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү бар стратегиялык маанилүү акционердик коомдордун тизмесин түзүү боюнча иштерди активдештирүү боюнча тапшырмалар берилди.