Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңеште жаңы депутат болуп бекитилген Табылды Муратбеков ант берди.

Муратбеков буга чейин "Ыйман Нуру" фракциясынан чыгарылган Султанбай Айжигитовдун ордуна депутат болду.

Эске салсак, быйыл 28-мартта БШК Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага чейин "Ыйман Нуру" фракциясы Айжигитовдун чек ара боюнча жеке пикири фракция менен дал келбегенин айтып фракциядан чыгарган.

Табылды Муратбеков учурда 30 жашта. Ал 1994- жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан