Президент Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, мыйзам 30-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
"Мыйзамдын максаты Кылмыш-жаза кодексинин жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” 2024-жылдын 6-мартындагы мыйзамдын ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле “Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 31-январындагы токтомун ишке ашыруу болуп саналат",- деп айтылат маалыматта.
Мыйзам менен аталган кодексти төмөнкү нормалар менен толуктоо каралган:
- Баланы күчтүү таасир этүүчү заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонууга тартуу үчүн жоопкерчиликти бекитүү (181-берене);
- Телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде интернет тармагын пайдалануу аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (287-берененин 2-бөлүгү).