Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов өлкөдө скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алуу керектигин айтты.
Ал мындай транспорттор катышкан жол кырсыктары өсүп жатканын, автоунаа айдоочуларына тоскоолдук жаратып жатканын айтат.
"Жакында өзүм дагы кырсыкка кабылып калышыма бир аз калды. Оң жактан кыпчылып кирип келди. Күзгүдөн көрүп, токтоп калдым. Булар менен катуураак иштебесе болбой калды. Номурлары да жок. Каска кийип, көз айнек тагынып алышкан. Алардын айынан өз жолунда жүргөн айдоочулар да кырсыкка кабылып жатышат", - дейт Сулайманов.