Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

2030-жылга чейин жаңы өнүгүү багыты мамлекеттин атаандаштык айырмачылыктарына, дүйнөлүк тренддерге жана улуттук артыкчылыктарга терең талдоо жүргүзүүлөргө негизделген. Анда социалдык саясатка, жашоо деңгээлин жогорулатууга, билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык рынокторго интеграцияланышына, ишкердикти колдоонун туруктуу механизмдерин түзүүгө, санариптик трансформацияга, финансы секторун бекемдөөгө жана аймактарды тең өнүктүрүүгө чоң маани берилген.

Программада руханий-адеп-ахлактык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу жана укуктук системанын реформасы, активдүү тышкы саясат, улуттук коопсуздук жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыз кылуу боюнча артыкчылыктар камтылып, жалпы төрт артыкчылыктуу өнүгүү вектору аныкталган. Алар ички ресурстарды жана тышкы факторлорду терең талдоонун негизинде түзүлгөн.

Биринчи вектор – “Индустриялаштыруу”. Анын максаты кластердик ыкманы пайдалануу жана келечекте кошумча наркы жогору продукцияны экспорттоого басым жасоо менен заманбап, диверсификацияланган өнөр жай базасын түзүү болуп саналат. Кыргызстанда региондук өнөр жай чынжырчасында татыктуу орунду ээлөө үчүн ресурстар жана эмгектик потенциал бар.

Экинчи вектор – “Региондук хаб”. Кыргызстан Кытай, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы геостратегиялык абалы негизги транзиттик аянтча жана логистикалык түйүн болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк соодадагы тез трансформациялар, электрондук коммерциянын ролунун күчөшү жана жеткирүү маршруттарын диверсификациялоо өлкөнүн мындай позицияны ээлөө актуалдуулугун күчөтөт.

Үчүнчү вектор – “Айыл чарба жана туризм”. Өлкө жогорку кайра иштетүү деңгээли жана кошумча наркы менен органикалык, экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Жаратылыш ландшафты жана маданий мурас менен айкалышта бул туруктуу туризмдин жана айыл чарбасынын жогорку кирешелүү моделин түзүүгө жол ачат.

Төртүнчү вектор – “Жашыл энергетика”. Бай гидроэнергетикалык потенциал жана кайра жаралуучу ресурстардын болушу мамлекетке өзүнүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ал эми келечекте жашыл энергияны экспорттоочу жана жашыл инвестициялар үчүн платформа ролуна талапкер болууга мүмкүндүк берет. Бул климаттык чакырыктарга да, экономиканы декарбонизациялоо боюнча дүйнөлүк трендге да жооп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан