Жогорку Сот Ошто кайнатасын өлтүргөн келинди жана окуяга катыштыгы бар жаранды 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
"С.к.Р. жана Н.А.С. тууралуу Ош облустук сотунун 2025-жылдын 1-мартындагы өкүмү күчүндө калтырылды",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев социалдык тармактагы баракчасында келиндин жолдошу менен жолукканын айтып, жабырлануучу соттун чечимине нааразы экенин билдирген. Ошондой эле жабырлануучу эл аралык сотко кайрыла турганын маалымдаган.
Эске салсак, окуя былтыр 1-сентябрда болгон. 27 жаштагы келин милицияга кайрылып, кайнатасын пикир келишпестиктен улам бычактап өлтүрүп алганын айткан. Милиция иш боюнча жаңы жагдайлар аныкталып, шектүү катары келин менен чогуу 27 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну дагы кармалганын маалымдаган.
Ал эми 28-ноябрда Кара-Суу райондук соту тарабынан келин күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкү конфискацияланган. Ошондой эле адам өлтүрүүдө келинге шерик болгон деген шек менен кармалган 27 жаштагы жаран күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган.