Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев 1-классты аяктаган 2 небересинин бири 2-класска, бири 3-класска көчүп калганын айтты.
"Муну кандай түшүнсө болот? Кыргызстанда ар бир мектеп ар башкабы?",- деди ал.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова мындай болушу мүмкүн эместигин айтып, ишти карап чыгууну убадалады.