
Мамлекеттик ипотекалык компанияга эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн кезекке туруу мүмкүн. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу
Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.
“Бүгүн биз дагы бир маанилүү жаңылыкты элге тартууладык. Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты. Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми баары жеңилдеди – болгону 2-3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берилет.
Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге жеткиликтүү болуп баратат”,- деп жазды Туманбаев.
Эске салсак, "Түндүк" тиркемеси аркылуу буга чейин ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон. Эми бул тизмеге мамлекеттик ипотека боюнча онлайн кезекке туруу мүмкүнчүлүгү да кошулду.