Баткен "Агроснабтехсервисинин" мүлктүк комплекси мамлекетке кайтарылды

Баткен шаарында жайгашкан 2,26 гектар аянттагы жер тилкеси менен Баткен "Агроснабтехсервисинин" мүлктүк комплексин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

"Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системинин маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында "Базар Башы" ЖАКтын жетекчилиги өз аракеттерин мыйзамсыз деп таап, акционерлердин протоколдук чечими менен 2,26 гектар аянттагы жер тилкеси менен "Агроснабтехсервис" мүлктүк комплексин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди",- деп айтылат маалыматта.

Мекемеден билдиришкендей, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо боюнча иштер улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан